07:55
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өкмөт башчы ЖЭБ ишин көзөмөлдөдү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы ЖЭБ ишин көзөмөлдөп, анда энергетикалык тармактын ишкана жетекчилери менен жылытуу мезгилин өткөрүүнүн жүрүшүн талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

ЖЭБди кыдыруунун жүрүшүндө өкмөт башчы от казан цехин, машиналык залдын жаңы бөлүгүн, жылуулук электр борбору башкармалыгынын башкы щитин, суу өткөрүү түтүктөрүнүн техникалык каражаттарын жана химиялык суу тазалоочу жабдууларды көрүп чыкты.

Ошондой эле жаңы каражаттар менен жабдылган 1-кезектеги химиялык суу тазалоо цехинин иштөөсү менен таанышты. Бул цех иштин ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, реагенттерди пайдаланууну азайтуунун жана заманбап технологияларды ишке киргизүүнүн эсебинен суу тазалоо өндүрүшүнүн чыгымдарын төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин иондук алмашуу технологиясы колдонулган.

Бишкек шаардык ЖЭБ директору Андрей Воропаев маалымдагандай, ишкананы модернизациялоо негизинен иштелип чыккан электр энергиясынын көлөмүн көбөйтүүгө багытталган.

Анын айтымында, жаңы цехтин долбоордук кубаттуулугу — саатына 144 куб метр сууну айлантат. Учурда 28 насос иштеп жатат, 4 интегралдык суу тазалагыч орнотулган жана үч ультра чыпкалоочу I-II даражадагы система орнотулган. Жаңы химиялык суу тазалагыч экологиялык ченемдерге жооп берет, жабдуулар автоматтык режимде иштейт, бул Бишкек шаардык ЖЭБдин жабдууларды колдонуусун жеңилдетет.

ХВО I жаңы системасы ишке киргизилгенге чейин Бишкек ЖЭБ химиялык суу тазалоого даярдык цехинин учурдагы жалпы өндүрүмдүүлүгү саатына 360 м3 түзгөн. Азыркы кезде химиялык цехтин кубаттуулугу саатына 504 м3 түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума