10:31
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстандык спортчу каратэ кекушинкай боюнча эл аралык мелдеште чемпион аталды

Кыргызстандык спортчу Kazakhstan Open — 2018 каратэ кекушинкай боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү аталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган спорттун түрү боюнча Федерациянын президенти Алмазбек Баатырбеков билдирди. 

Мелдеш 21-23-декабрь күндөрү Астанада өттү. Ага Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Өзбекстандан келген 350 спортчу катышты.

«Кыргызстандын атынан 4 спортчу ат салышты. 65 килограмм салмак ченинде чоңдор арасында Асылбек уулу Арсланбек 2-орунду ээледи. Ал эми 10-11 жаш арасы 40 килограмм салмак ченинде Нурмахамад Каниметов чемпион аталды», — деди Алмазбек Баатырбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар