16:02
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кыргызстандыктар сумо спорту боюнча эл аралык мелдеште жеңишке жетишти

Кыргызстандыктар Kharkov Sumo Open эл аралык мелдеште жеңишке жетишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине сумо күрөшү Ассоциациясынын президенти Айбек Чекошев билдирди.

Мелдеш Украинанын Харьков шаарында өттү. Ага Украина, Азербайжан, Армения, Кыргызстан жана Польшалык спортчулар катышты.

Кыргызстандын атынан 2 спортчу ат салышты. 100 килограммга чейинки салмак ченинде Чынгыз Керимкулов ат салышып, 23 жашка чейинки сумочулар арасында чемпион аталды. Ошондой эле чоңдор арасында күмүш байгенин ээси аталды. 115 килиграммдан жогору салмак ченинде Алмаз Эргеншов чоңдор арасында биринчиликти алды.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби