10:38
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекте психиатриялык оорукананын дарыгери бейтаптын батирин тартып алды

Бишкекте психиатриялык оорукананын дарыгери бейтаптын батирин тартып алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине юрист Арман Кыйгырова билдирди.

Айтымында, медик алдамчылык жолу менен Ибраимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батирин үй ээси республикалык психикалык көзөмөлдөө диспансеринде дарыланып жаткан маалда ээлеп алган.

«Жабырлануучу тизмеде турат, экинчи жолу ооруканага түштү. Дарыгер аны батирден баш тарттырууга мажбурлап ак баракка кол койдуруп алган. Жыйынтыгында бейтап көчөдө калды», -деди Арман Кыйгырова.

Ал кошумчалагандай, прокуратурага арыз даярдоодо. Мындан тышкары Саламаттык сактоо министрлигине да кайрылып, дарыгерди лицензиясынан ажыратууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби