Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарындагы 23-квартал тилкесинде сел өтүүчү каналга болжол менен көлөмү 20000м3 жер көчкү түшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.
Жерине КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ барып, жер көчкүдөн жабыркагандар жок экендигин жана көчкү турак жайлардан 300 метр алыстыкта экендигин аныкташкан.