21:55
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкек — Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Бишкек — Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Мындан улам, Сосновка постунан унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Көчкү болжол менен 15-январда саат 13:50 чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 127-чакырымына түшкөн. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 4 миң куб метрди түзөт.

«Азыркы тапта № 9 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолду кардан тазалап жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар