20:41
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

14-марттан 16-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал аймактар:

  • Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусу,198-260-чакырымындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
  • Суусамыр — Талас —Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымындагы Өтмөк ашуусу;
  • Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 59-113-чакырымындагы Чапчыма ашуусу;
  • Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымы;
  • Мырзаке —Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымы;
  • Бишкек —Нарын —Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымындагы Долон ашуусу, 353-357-чакырымындагы Кызыл-Бел ашуусу;
  • Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымынын Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси;
  • Суусамыр — Арал унаа жолунун 8-21-чакырымы;
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусу, Барскоон —Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымындагы Сөөк ашуусу.

Кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар