Алишер Якупбаев стол тенниси боюнча өткөн Кыргызстандын ачык чемпионатында жеңишке жетти. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча ассоциациянын башкы катчысы Шухрат Тешаев билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги «Карвен» борборунда чемпионаттын 10-туру аяктады. Ага кыргызстандык жана түркмөнстандык 70 спортчу катышты. Жогорку лигада биринчиликти Алишер Якупбаев, экинчиликти Талгат Сагындыков, үчүнчү орунду Михаил Белоглазов ээледи.
10 турдун жыйынтыгы боюнча алтын медалды Якупбаев, күмүштү Сагындыков, ал эми колону Вячеслав Клычев тагынды.