USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

КТРК Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган Азия кубогун түз алып көрсөтөт

10:29, 17 декабря 2018, Бишкек - 24.kg

Коомдук телерадиокорпорациясы 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган Азия кубогун түз алып көрсөтөт. Бул туурасында Футбол федерациясынан билдиришти.

Эске салсак, Кыргызстандын курама командасы «С» тайпасына туш болуп, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин футболчулары менен кез келет.

Оюн Бишкек убактысы боюнча төмөндөгүдөй тартипте көрсөтүлөт:

Кытай — Кыргызстан командалары, 7-январда саат 17:00дө;

Кыргызстан — Түштүк Корея, 11-январь, саат 22:00дө;

Кыргызстан — Филиппин тайпаларынын оюну 16-январда саат 19:30да көрсөтүлөт.

Азия Кубогу 5-январда башталып, 1-февралда жыйынтыкталат. Буга чейин федерация Азия Кубогунун проморолигин тартуулаган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика