03:10
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Улуттук энергохолдинг» президенттин сынына макул эмес

«Улуттук энергохолдинг» президент Сооронбай Жээнбековдун сынына макул эмес. Бул тууралуу мекеме билдирүү таркатты.

«Улуттук энергохолдинг» өлкө башчысы аларды негизсиз сынга алганын айтып, калкты тейлөөчү борборлор Бишкек, Ош шаарларында, Нарын, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарында ачылганын маалымдайт.

«Калкты тейлөө борборлору жарандарга кызмат көрсөтүү убактысын кыскартты. Андан тышкары, электр жарыгы боюнча маалымат алуу үчүн 1209 номери күнү — түнү иштейт», — дейт «Улуттук энергохолдинг» .

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 14-декабрда Коопсуздук Кеңештин жыйынында «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын башчысы Азамат Абдыкаловду сынга алып, начар иш алып барып жатканын айткан.  Өлкө башчысы баардык жетекчилерден Кыргызстандын санариптештирүүсүнө салым кошуп, жаңы технологияларды ишке киргизип, колго алууну буйруду. 

Эң көп окулган жаңылыктар