15:26
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Президент жетекчилерди жумуш убактысында тойго барууну токтотууга чакырды

Президент жетекчилерди жумуш убактысында тойго барууну токтотууга чакырды. Бул боюнча Сооронбай Жээнбеков бүгүн Коопсуздук кеңештин жыйынында айтты.

Өлкө башчысы мамлекеттик органдардын башкы максаты — элге кызмат көрсөтүү экендигин белгилеп өттү.

«Биз «Түндүк» жана башка тутумдарды ишке киргизип жатабыз. Санариптүү келечек аркылуу бюрократия, коррупцияны жоюп, ачык коомду түзөбүз. Бирок, ага тоскоол болгон жагдайлар бар. Айрым мамлекеттик кызматкерлер дагы эле алардын бакшы максаты сапаттуу тейлөө экенин түшүнүшпөйт. Региондордо кээ бир жетекчилер кабинетин жаап, тойго кетип калат. Ушундайлар дагы бар», — деди президент.

Эң көп окулган жаңылыктар