03:12
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Коопсуздук кеңеши коронавирустун Кыргызстанга жайылышынын себептерин иликтейт

Коопсуздук кеңеши коронавирустун Кыргызстанга жайылышынын себептерин иликтейт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Коопсуздук кеңеши буга чейин коронавирустун алдын-алуу боюнча жыйындарды өткөрүп, тийиштүү органдарга тапшымалар берилгенин белгилейт.

«Азыркы учурда Коопсуздук кеңешинин сунуштамаларын ишке ашыруу максатында өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышына мүмкүндүк берген шарттар менен себептерге, айрым учурларда адам өмүрүн алып кеткен жагдайларга, анын ичинде мамлекеттик органдардын, саламаттык сактоо уюмдарынын калкка медициналык тез жардам көрсөтүүгө даяр эместигине иликтөө, анализ тыкыр жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Коопсуздук кеңеши учурда Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматы үч факты боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатканын белгилейт:

— Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин айрым кызмат адамдары тарабынан кетирилген шалаакылыктар;

— Фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын жана мамлекеттик контракттар үчүн көз көрүнөө эле пайдалуу болбогон корутундуларды жактоодогу коррупциялык иш-аракеттер;

— Мамлекетке ири зыян же өзгөчө ири зыян келтирген мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы иликтөөнүн жүрүшүндө жарандардан, эксперттерден жана жарандык коомдон аталган маселе боюнча колдо болгон материалдарды жана сунуш-пикирлерди күтөт. 

Эң көп окулган жаңылыктар