13:28
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Назаров: Бишкек ЖЭБди газ менен мазутка өткөрсө болот, бирок ал абдан кымбат

Бишкек ЖЭБди газ менен мазутка өткөрсө болот, бирок абдан кымбат болуп калат. Бул тууралуу журналисттерге Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.

Анын айтымында, эгер ЖЭБди мазут же газга өткөрсө, анда баалар 3 эсе көтөрүлөт. Учурда ЖЭБдин отунуна жылына 4 миллиард сом коройт, ал эми аны газга которо турган болсо 9 миллиард сомдон ашып кетет.

Айтмамат Назаровдун айтымында, ЖЭБ Бишкектеги коюу тумандын негизги себеби эмес.

«ЖЭБ 1961-жылы курулган, ал эми туман качан пайда болду. 2-3 жыл мурун. ЖЭБдин туманга тиешеси жок деп айтуудан алысмын, бирок бул башкы себеби эмес. Бир аз жаан жааганда эле маселе айкын болду. Экологдордун маалыматы боюнча, ЖЭБ тумандын пайда болушуна 15-20 пайыз себепкер», — деди Айтмамат Назаров.

Эң көп окулган жаңылыктар