08:34
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мекендештер. Канада чет өлкөдөн кесипкөй адистерди гана жумушка чакырат

Мээрим Болушева Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктап, кийин билимин Канададан уланткан. Чет жерге иммиграциялык программа аркылуу кетип, 7 жылдан бери Канаданын Калгари шаарында жашайт. Ал чет жерде өз адистиги боюнча окуусун улантып, соңку 4 жылдан бери иммиграция боюнча иш алып барган компанияда консультант болуп иштеп жатат.

Мекендешибиз 24.kg агенттигине дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн бирине иммиграция, жумушка орношуу жана башка жашоо өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

Мээрим Болушеванын жеке архивинен алынды
Фото Мээрим Болушеванын жеке архивинен алынды

— Чет өлкөдө алгач кандай кыйынчылыктарга дуушар болдуңуз?

— Чынын айтсам, Канадага барганда турист катары эле аз маалымат менен барганмын. Бул менин чоң катачылыгым болду. Биринчи айларда «культурный шок» менен жүрдүм.

Акырындап көнүп, күнүмдүк жашоодогу проблемалар менен бирге өлкөнүн ички жашоосун жон терим менен сезе баштадым.

— Калгари — ковбойлор шаары деп коюшат. Ковбойлорду көп кездештиресизби?

— Калгари ковбойлордун мекени болуп саналат. Бирок, заманбап жашоодо ковбойлор көчө аралап жүрбөйт. Бул алар үчүн салт, тарых. Жыл сайын июль айында дүйнө жүзүнөн ковбойлор, туристер келип, «Стампид» фестивалына катышышат. Ал күндөрдө түркүн фестивалдар, шоу, родео, ар улуттун параддары уюштурулат. Бул жылы биринчи жолу фестивалдын тарыхында Кыргыз Ассоциациясы парадга катышып, өзүнүн кыргыз бийлерин жакшынакай улуттук костюмдары менен тартуулашты.

Мээрим Болушеванын жеке архивинен алынды
Фото Мээрим Болушеванын жеке архивинен алынды

— Улуттук тамак ашында кандай өзгөчөлүктөр бар?

— Канадада Америкадагыдай эле тез татым (фастфуд) популярдуу тамак болуп саналат. Көп улуттуу өлкө болгондуктан, бул жерде табитиңе жараша ресторан тапсаң болот.

Бирок, биздин үй-бүлөөдө үйдө жасалган тамактарды жегенге көнгөнбүз. Мен тез-тез боорсок, манты, самса, аш, бешбармак жана башка өзүбүздүн тамактарыбызды жасап турам.

Калгариде 20 чакты кыргыз үй-бүлөө жашайт. Альбертанын Эдмонтон борбор шаарында да жердештерибиз көп. Мекендештер жылына эки-үч жолу ар кандай иш-чараларда, пикниктерде жолугушуп, өз тамактарыбыз менен бирге кыргызча сүйлөшүп, сагынычыбызды таркатып турабыз.

— Ири шаарда коопсуздук маселеси кандай камсыз болгон?

— АКШга караганда Канада коопсуз өлкө болуп саналат. Айрым райондору коркунучтуу болушу мүмкүн, бирок жалпысын бул өлкөгө кооптонбой эле келсе болот. Торонто, Ванкувер сыяктуу чоң шаарларында кечинде, түнү кеңири сейилдесең болот. Бардык жерде полиция көзөмөлдөп турат.

Ал эми, Калгари жумушчулардын шаары болуп эсептелет, ошондуктан кечинде, түнү көчөлөрдө эч кимди көрө албайсың. Полиция өз ишин так аткарат. Ар бир коомдук транспортто атайын жардам чакыра турган баскычтар орнотулган. Көбүнчө полицияны чакырсаң 5 минутанын ичинде келип калат.

Мээрим Болушеванын жеке архивинен алынды
Фото Мээрим Болушеванын жеке архивинен алынды

— Канадага иш издеп барган кыргызстандыктар барбы? Ал жактан көбүнчө эмнеден кыйналышат?

— Негизинен Канадада убактылуу иштеп кетүү тууралуу түшүнүк кеңири таралган эмес. Европа мамлекеттеринин, Австралиянын, Жаңы Зеландиянын жарандары гана убактылуу иштей алышат.

Жумуш күчүн кабыл алуу боюнча Канада 35 мамлекет менен келишим түзгөн. Ал мамлекеттердин 18ден 35 жашка чейинки жарандары гана 1-2 жылга келип иштеп, тажрыйба алмашып кете алышат. Кыргызстан бул тизмеге кошулган эмес.

Мээрим Бопушева
Эгерде жаран Канаданын студенти, же жумушчу статусуна ээ болсо, анда убактылуу жумушка орношсо болот. Чет өлкөлүк жаранга Канададан жумушка расмий чакыруу алуу өтө кыйын. Компаниялар бош орунга жергиликтүү калктын ичинен кызматкер табылбаганын тастыктап бериши керек. Тастыктама болуп; массалык маалымат каражаттарга берилген активдүү жарнамалык кампания, бир нече жолу кадрдык агенттикке жана эмгек биржасына кайрылуу эсептелинет.

Канаданын иммиграциялык саясаты — башка өлкөлөрдөн кесипкөй адистерди гана тартуу, андыктан кандайдыр бир адистикке ээ эмес жарандар кызыктырбайт.

Баарынан мурда, жумушка орношуу мүмкүнчүлүккө тизмеде көрсөтүлгөн гана адистиктеги адамдар ээ болушат. Мисалы, Кыргызстанда жайгашкан Канадалык компаниянын филиалдарынан которулган кыргыз кызматкерлери бул жакта убактылуу иштешет.

Демек, Кыргызстандан келген иммигранттар расмий программалар аркылуу келгендер, же болбосо окууга келген студенттер. Легалдуу иммигрант катуу талаптардан (тил боюнча тест, медициналык көзөмөлдөн) өтөт.

Мээрим Болушеванын жеке архивинен алынды
Фото Мээрим Болушеванын жеке архивинен алынды

— Кыргызстандан Канадага барып иштөөнү каалагандар үчүн кандай кеңеш бере аласыз?

— Биринчиден, официалдуу тилдердин бирин билиш керек. Бул жумушка орношуп, Канадада жашап калуу үчүн негизги принцип болуп саналат. Экинчиден, бир кесиптин ээси болуш керек. Жогорку билимдүү, жок дегенде техникумду аякташ керек.

— Канадалыктардын жашоосундагы сиздин таң калтырган жагдай?

— Мага жакканы ыктыярчылык (волонтерство) ар бир тургундун ажырагыс бөлүгү болуп саналат: ата-энелер мектептерде, спорттук уюмдарда, студенттер — изилдөө иштеринде, болочок медиктер бейтапканаларда тажрыйба топтошот. Ыктыярчылык дайыма бардык жерде демилгеленет.

Бул өлкөдө түрдүү мамлекеттик жана салттуу майрамдар өткөрүлүп турат, мисалы, үй-бүлө күнү, Канаданын күнү, Жаңы жыл жана башка. Аталган майрамдарга катышканга аракет кылабыз.

Мээрим Болушеванын жеке архивинен алынды
Фото Мээрим Болушеванын жеке архивинен алынды

— Жеке жашооңуз тууралуу айтып берсеңиз?

— Жолдошум экөөбүз бир уул, бир кыздын ата-энесибиз. Канаданын жараны экенибизге карабастан, Кыргызстанга тез-тез барып турганга аракеттенебиз. Ал жакта биздин ата-энебиз, бир туугандарыбыз бар. Кыргызстанга келгенибизде прогрессивдүү өзгөрүүлөрдү байкап жатабыз.

Эң көп окулган жаңылыктар