08:29
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Таласта окуучу мугалим сабады деген көрсөтмө менен ооруканага жаткырылды

Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунда 7-класстын окуучусу мугалим сабады деген көрсөтмө менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Талас ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуучунун энеси милицияга кайрылып, мектеп мугалимине карата чара көрүүнү суранган.

«Жабырлануучунун энесинин айтымында, окуучу англис тили мугалими менен урушуп кеткен. Мугалим кызды сабап салган. Учурда факт боюнча текшерүү жүрүп жатат. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Мындан тышкары милиция жабырлануучу кыздын классташтарын суракка алууда», -деп билдиришти ОИИБдан.

Эң көп окулган жаңылыктар