11:06
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Караколдо көз жарган 8-класстын окуучусуна жоош деп мүнөздөмө беришүүдө

Караколдо көз жарган 8-класстын окуучусу 1-марттан тарта мектепке барган эмес. Апасы ал ооруп жатат деген справка алып берген. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Максат Асанкожоев билдирди. 

Анын айтымында, мектептегилер кыздын кош бойлуу экенин билген эмес.

«Мугалимдер аны жоош кыз деп мүнөздөмө беришүүдө. Орто окучу. Буга чейин сабакты калтырчу эмес. Бирок, 1-марттан баштап мектепке келген эмес, класс жетекчиси жана социалдык кызматкер экөө үйүгө барганда, кыздын апасы бутун сындырып алып Бишкектеги ооруканда жатат деп справканы көрсөткөн», -деди ал.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, кыз өзүнүн жакын туугандарынан боюнда болуп калган.

Эң көп окулган жаңылыктар