18:07
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Сапат» лицейинин мугалиминин аракетинен дагы жети окуучу жабыркаган

Кызыл-Кыядагы «Сапат» лицейинин мугалиминин аракетинен дагы жети окуучу жабыркаган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, мугалим окуучуну уруп жаткан видео социалдык тармактарга тарагандан кийин 24-25-январда лицейде комиссия иш алып барган. Башка мектеп окуучулары дагы суралган. Мугалимдин иш-аракеттеринен онунчу класстын дагы жети окуучусу жабыркаганы аныкталды.

«Ал аларды урган», — деди министрдин орун басары.

Муратбек Касымалиев окуучулардын бири мурдунан жаракат алганын, экинчисинин башы айланып, денесинин оң жагы ооруп жатканын билдиргенин айтты.

Лицейдин мугалими жана директордун тарбия иштери боюнча орун басары иштен алынды.

Эске салсак, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Жашы жете элек окуучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилген, бирок Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдиргендей, сот мугалимди үй камагына чыгарды.

Буга чейин социалдык тармактарда кыргыз-түрк «Сапат» лицейинде окуучуга кол көтөрүп жаткан учурда тартылган видео тараган. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, аталган факт маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Эң көп окулган жаңылыктар