09:30
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ошто 30га жакын окуучусу массалык мушташтан кийин кармалды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жергиликтүү мектептин 30га жакын окуучусу массалык мушташтан кийин кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 22-ноябрда түнү болгон. ОИИБнын нөөмөт бөлүмүнө балдардын мушташы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге милиция барып, 31 өспүрүмдү кармаган. Алар 10-11-класстын окуучулары болуп чыкты. Бир өспүрүм курч буюм менен жаракат алганы маалым болду. Ал райондук ооруканага жаткырылды.

ОИИБ иликтөө жүргүзүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума