№ 87 мектептин медайымына сөгүш жарыяланды.ю Бул тууралуу 24.kg агенттигине мектептин директору Жаныл Исанова билдирди.
Анын айтымында, буга чейин медайымга даттануу болгон эмес.
«Биз ал өзүнүн иши үчүн акча талап кылып жатканын билген эмесмин. Бүгүн № 14 бейтапкананын жетекчилиги сөгүш жарыялады», — дейт ал.
Эскерте кетсек, кечээ Жогорку Кеңеште Балдар укугу боюнча конвенциянын 30 жылдыгына карата депутаттар жолугушууда № 87 мектептин окуучусу медайым балдарды эмдөөдө акча талап кыларын айткан. Бирок, окуучу кыз залдын реакциясына сүрдөнүп, ыйлап жиберген.