00:43
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Брянск шаарында окуучу кыз мектепте ок чыгарып, өз жанын кыйды

Брянск шаарында № 5 гимназиянын сегизинчи классынын окуучусу классташтарына ок чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз мектепке атасынын мылтыгын алып келип, бир нече жолу ок чыгарган.

Бардык окуучулар эвакуацияланып, полиция мектептин имаратын курчоого алды.

Акыркы маалыматтарга караганда, беш адам жабыркаган. Жараат алган бир классташ кызы каза болуп, ок чыгарган окуучу өз жанын кыйды.

Тергөө комитети кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 20-бөлүгү «адам өлтүрүү» боюнча кылмыш ишин козгоду.

Эң көп окулган жаңылыктар