19:39
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ферганада мугалим 10-класстын окуучусун сабап өлтүрүүгө айыпталууда

Ферганалык Дилшод Мадрахимов 10-класста окуган уулу Миржамол Закировду аскерге даярдык сабагынын мугалими сабап өлтүргөнүн билдирди. Маркумдун классташтары Закиров мектепте ур-токмокко алынганын тастыкташты.

Өспүрүм 26-ноябрда каза болгон. Анын атасы баласынын өлүмү үчүн мугалим Мирвохид Мардоновду күнөөлөп, прокуратурага арыз менен кайрылган. Фергана облусунун укук коргоо органдары 10-класстын окуучусунун өлүмү боюнча тергөөгө чейинки териштирүү жүргөнүн айтышты.

Бирок маркум Миржамолдун атасы мектеп жетекчилиги жана жергиликтүү прокуратура ишти «жаап салууга» аракет жасоодо деп эсептейт.

Мектептин директору Сирожиддин Кучкаров маркум классындагы эң мыкты окуган окуучу болгонун эскерди. Ал аскердик даярдык сабагынан берген мугалим конспект толтурбаганы үчүн Закировду урушканын, бирок катуу сабабаганын билдирди.

Бирок Миржамол Закировдун классташтары мугалим ал күнү 10-класстын бир нече окуучусун каарып, сабаганын айтышты. «Катуу соккудан Миржамол бүк түшүп, дем ала албай калган. Кийинки күнү ал сабакка келген жок», —деди окуучулардын бири.

Миржамолдун атасы Дилшод Мадрахимов ал күнү уулу мектептен өтө жаман абалда келгенин эскерди. «Мугалим баламды төшкө катуу чааптыр. Уулум менден коркуп, эч нерсе айткан эмес. Түштө мектептен келип, эс-учун жоготуп жыгылды. Мен аны дароо райондук ооруканага алып бардым. Даргер уулумдун чекеси эбак муздап калганын, көз жумганын айтты. Беш балам бар эле, төртөө гана калды. Прокуратурага кайрылып, кызыл камчы мугалимди жоопкерчиликке тартууну талап кылдым», -деди ал.

Ал укук коргоо органдарынан баласынын мүрзөсүн ачып, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүнү талап кылууда.

Аскерге даярдык сабагынын мугалими Мирвохид Мардонов мектепте иштөөсүн улантууда.

Эң көп окулган жаңылыктар