14:35
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Депутат: ЖМК жетекчилерин жана негиздөөчүлөрүнүн жарандыгын текшерүү керек

Депутат Тазабек Икрамов кийинки демилгесин көтөрүп чыкты. Эми ал массалык маалымат каражаттарынын жетекчилерин жана негиздөөчүлөрүнүн жарандыгын текшерүү керек деп эсептейт. Айрыкча бул маселе чет жерден каржылоо келип жаткан ЖМКга байланыштуу.

Тазабек Икрамовдун айтымында, гранттын эсебинен каржыланган ЖМК кыргыздарга жат көз караштарды таңуулап, туура эмес пропаганда жүргүзүүдө. Анын пикиринде, бул өлкөнүн маалымат коопсуздугуна доо кетирүүдө.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 2016-жылы ЖМК тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамдолбоорун жактырган. Документте Кыргызстанда ЖМКны чет элдик жарандар жана уюмдар негиздөөсүнө тыюу салынат деп жазылган.

 

Тазабек Икрамов также потребовал проверить, есть ли иное гражданство у всех депутатов, министров, военнослужащих

Эң көп окулган жаңылыктар