Казакстандын Шымкент шаарында жаа атуу боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык спортчулар 2 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, спорттук иш-чарага 10 өлкөдөн келген 180 спортчу ат салышты.
Кыргызстандын атынан чыккан Диана Канатбек кызы күмүш, Айтурган Маматкулова алтын медаль утуп алышты.