Бишкектин айрым райондорунда 2 күн бою газ берилбейт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын коом менен байланыш бөлүмү билдирди.
Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу жаратылыш газы төмөнкү даректерде берилбейт:
- 4-5-декабрда Исанов көчөсү 105/1, 105а, 121, 123, 125; Абдымомунов 245;
- Жумабек, К.Акиев, Фрунзе көчөлөрү менен чектеш аймактарда, Жаш Гвардия Бульварында;
- 6-7-декабрда Панфилов, Фрунзе, Логвиненко көчөлөрү менен чектеш аймактарда, Жибек Жолу кең көчөсүндө.