23:43
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Бишкекте «Кыргызстан -кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» кинофестивалы өтөт

Бишкектеги «Манас» кинотеатрында КМШ мамлекеттеринин, Балтика жана Грузиянын 8-эл аралык «Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү» кинофестивалынын салтанаттуу ачылышы болот. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара 12-декабрда, саат 12:00дө башталат. Анда КМШ мамлекеттеринин, Балтика жана Грузиянын эң мыкты делген тасмалары элдин сынына коюлат.

Бул жылы аталган кинофестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулууда.

Фестивалдын алкагында жазуучунун чыгармасынын негизинде коюлган атайын көрсөтүүлөр жана театрлаштырылган чыгармалар орун алат.

Иш-чаранын жүрүшүндө тасма жаратуучулар тажрыйбалары жана идеялары менен бөлүшүп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашмакчы.

Тасмалар эл аралык жана улуттук программа боюнча тандалат. Алардын ичинде оюн тасмасы, даректүү тасма, анимациялык жана эксперименталдык жанрлары да бар.

Иш-чара КМШ өлкөлөрүнүн катышуучуларынын мамлекеттер аралык гуманитардык байланыш фондунун, Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин , «Айтыш» коомдук фондунун жана Кыргызстандын кинематографисттер Бирикмесинин колдоосу менен ишке ашууда.

Бул жылы фестивалга жергиликитүү жана чет элдик тасма жаратуучулардан 500дөн ашуун арыз келип түшкөн.

15-декабрда «Манас» кинотеатрында жеңүүчүлөр аныкталат. «Мыкты тасма», «Мыкты режиссура», «Калыстардын атайын байгеси», «Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө арзыган байге» номинациялары боюнча наамдар ыйгарылып, акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Эске салсак, кинофестиваль 2010-жылы коомдук ишмер, режиссер, продюсер, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген.

Эң көп окулган жаңылыктар