16:34
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекте жаңы ордо аянтчасы ачылды

Бишкекте Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциясы жана «Ордо оюну» спорт федерациясы тарабынан жаңы ордо аянтчасы ачылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, ордо аянтча Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде жайгашкан.

Аталган жайдын ачылышына Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциянын директору Токсонбай Асанов, «Ордо оюну» спорт федерациясынын президенти Таалайбек Айталиев, Улуттук университеттин ректору Канат Садыков, спортчулар жана коноктор катышкан.

Кошумчалай кетсек, ордо оюну боюнча президенттин Кубогу башталды. Ага Ош, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарынан жана Бишкек шаарынан 72 спортчу катышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума