02:18
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстандын ички дүӊ өнүмү 558 миллиард 400 миллион сомду түздү

2018-жылдын жаӊыртылган бюджетинин долбооруна ылайык, өлкөнүн ички дүӊ өнүмү 558 миллиард 400 миллион сомду түздү. Экономиканын өсүшү 2,8 пайыз деӊгээлинде болжолдонууда. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеӊештин отурумунда билдирди.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 2017-жылдын жыйынтыгында өлкөнүн ички дүӊ өнүмү 520 миллиард 900 миллион сомду түзгөн. Ал эми экономиканын өсүшү 3,5 пайыз деӊгээлинде болжолдонсо, анын иш жүзүндө өсүшү 4,6 пайыз деӊгээлинде болгон. 

Андан тышкары, 2019-жылы өлкөнүн ички дүӊ өнүмүнүн өсүшү 4 пайыздын тегерегинде боло турганы белгилүү болду. Республикалык бюджеттин 60 пайызы социалдык багытта жумшалмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар