21:32
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

ӨКМ: 28-ноябрдан 1-декабрга чейин аба-ырайы туруксуз болот

28-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

28-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

29-ноябрда жана 30-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 30-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

1-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаайт. 2-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Эң көп окулган жаңылыктар