12:28
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Өзбекстанда 7-класстын окуучусу акимчилик имаратынын терезесинен боюн таштады

13 жаштагы кыз Анжиян облусунун Ходжаабад районунун администрациясынын короосунда оор абалда табылды. Күбөлөрдүн айтымында, кыз акимчилик имаратынын үчүнчү кабатынан боюн таштаган.

Ал жерде мамлекеттик чиновниктердин биринин уулу катышкан «кече» өткөн.

Окуя 23-ноябрда түнкү саат 23:00дө болгон. Күбөлөрдүн бири «Үч киши райондук администрациянын имаратына 7-класстын окуучуларын алып кирип, дискотека уюштурушкан. «Кечеде» кыздардын бири терезеге келип, төмөнгө боюн таштаган. Ал жылаңач болгон. Кыз оор жаракат алып, ооруканага жеткирилди», — деди.

Хаджаабад райондук ооруканасы 13 жаштагы кыз үч күндөн бери оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатканын кабарлады. Анын мурду сынган, мээси чайкалган жана денеси көгөргөн.

Хаджаабад райондук администрациясынын кызматкерлеринин бири 13 жаштагы кыздар түнчүндө акимчилик имаратына келишкенин тастыктады.

13 жаштагы кыз билим алган мектептин жетекчилиги ал кызга карата мурун дагы иш ачылганын, жүрүм-туруму начар экенин билдиришти.

 
Эң көп окулган жаңылыктар