00:48
USD 84.80
EUR 99.12
RUB 1.17

Бишкекте стол тенниси боюнча шаардын ачык чемпионаты жыйынтыкталды

Бишкекте стол тенниси боюнча шаардын ачык чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине уюштуруучулар билдиришти.
 
Маалыматка караганда, мелдешке 96 спортчу катышты. Анда жергиликтүү спортчулардан башка Орусиянын жана Тажикстандын өкүлдөрү ат салышты.
Эркектер арасында биринчиликти Акылбек Касымов, экинчи орунду Нурдин Сапарбаев, кийинки орунду Талгат Сагындыков жана Нуртай Курманалиев алды. Аялдар арасында биринчи орунду Айсулуу Нурлан кызы багындырды. Кийинки орундарга Ситора Холикова жана Алтынай Өмүралиева менен Айгерим Кудайбергенова илинди.
 
 
Эң көп окулган жаңылыктар