Кыргызстандыктар Өзбекстанда өткөн WMF тай боксу боюнча ачык чемпионатта жеңишке жетишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган спорттун түрү боюнча федерациянын президенти Сыргак Айталиев билдирди.
Айтымында, чемпионат Ташкентте 21-ноябрдан 25ине чейин болду. Беттешке Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Нигерия, Ооганстандан келген жана жергиликтүү спортчулар катышты.
«400 спортчунун арасынан тогузу Кыргызстандын атынан беттешти. Алар 3 алтын, 3 күмүш жана бир коло медаль утушту», -деди Сыргак Айталиев.
Альберт Бактыбеков, Али-Хан Ергешов жана Анастасия Струкалина алтын медалдын ээси аталышты. Абдулазиз Туранбаев, Никита Цой жана Евгений Трубчанинов 2-орунду, Дмитрий Михайлечко 3-орунду камсыздады.