12:53
USD 87.45
EUR 89.73
RUB 0.86

Бишкек мэринин кубогу үчүн спорттук мелдештер өтөт

Бишкекте муниципалдык кызматкерлердин арасында мэрдин кубогу үчүн спорттук мелдештер өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, спорттук иш-чарага катышкандар мини-футбол, волейбол, стол тенниси, жеңил атлетика, шахмат, дартс, сууга сүзүү, аркан тартыш боюнча күч сынашат.

Мелдеш 25-ноябрда башталып, бир айга чейин созулат. Оюндар шаардын бир катар мектептеринин, жогорку окуу жайлардын, дене тарбия үйлөрүнүн имараттарында жана «Дельфин» бассейнинде болот.



Эң көп окулган жаңылыктар