Түркиянын Кайсери шаарында кыргызстандык жарандар, атасы менен уулу жылкыны өлтүргөндүгү үчүн кармалышты. Бул тууралуу haberturk жазып чыкты.
Маалыматка караганда, жергиликтүү тургундар чет элдик 2 жарандын атты союп жаткандыгын видеого тартып алып, полицияга билдиришкен.
Окуя болгон жерге полиция келип, 2 жаранды колго түшүрдү. Шаардын ветеринардык кызматы аларга 9 миң лира айып салды. Алар жаныбардын этин жеш үчүн мындай кадамга барганын айтышкан.