05:06
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Азия оюндарында кыргызстандыктар 3 алтын, 5 күмүш жана 12 коло медаль утушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Венгриянын Будапешт шаарында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медалын жеңген Жоламан Шаршенбеков жана анын машыктыруучусу Хаким Махмудов менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«45 өлкөнүн спортчулары катышкан Азия оюндарында кыргызстандык 20 азамат байгелүү орундарды жеңип алышты. Биздин спортчулар өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу 3 алтын, 5 күмүш, 12 коло медалын жеңип алып, эл аралык деңгээлде өлкөбүздүн кадыр-баркын дагы бийик көтөрүштү», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле футбол боюнча улуттук курама команданын 2019-жылы Бириккен Араб Эмиратында өтүүчү футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында 47 курама командалардын арасынан 12-орунга көтөрүлгөнүн, Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Азиянын эң күчтүү командаларынын ичинен 10-орунга чыкканын дагы белгиледи.

«Жоламандын ийгилиги — жалпы кыргызстандыктардын ийгилиги. Баарыбыз кубандык, сыймыктандык! Грек-рим күрөш боюнча Дүйнө Чемпионатында биздин өлкөбүздүн спортчулары эки гана жолу финалдык беттешке чыгышкан. Алардын бири Канатбек Бегалиев, экинчиси Жоламан Шаршенбеков. Ушундай мээнет жана аракет менен дагы машыксаң — сенин келечегиң алдыда!», — деген каалоо-тилектерин айтты Президент.

Эң көп окулган жаңылыктар