16:14
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

ЖЭБди реконструкциялоо коңшулардыкынан эки эсе арзан болгон

Кыргызстан үчүн Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо эки эсе кымбат эмес, коңшулардыкына караганда эки эсе арзан болгон. Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде билдирди.

«Анын баасы эки эсеге көтөрүлүптүр деп айтып жатышат. Мен силерге сандар менен жооп бергим келип жатат. Бул сандар интернетте дагы бар. Албетте азыркы бийлик адамдарды алмаштырып жатат. Ал жалган айтса, эл ишенип атат. Энергетика тармагында энерго объектинин баасы бир мегаваттын баасы менен аныкталат. Мына Бишкектеги ЖЭБдин реконструкция баасы 1.28 миллион бир мегаватт. Душанбеде (Таджикистанда) 1.32. Ал эки баскычтан бүткөн. Бирок бирөөсүн айтпай, элдин башын айлантып жатышат. Эки баскычын тең алсак, бизден дагы кымбат бүткөн 1.32», — деди Алмазбек Атамбаев.

Экс-президенттин айтымында, азыркы айыптардын баары асмандан алынган. Анткени Сапар Исаковду «отургузуш» керек эле.

«Кара пиар менен мыкты колдонуп кетишти. «Аттиш» деп аталган шаймандардын болгону эки комплектиси сатылып алыныптыр. Ар бир комплект 600 доллардан экен, ичинде ондогон шаймандары бар. Мына ушул жаман ниет менен кайсы бир келесоо чалыш адам тарабынан сатылып алынган комплекттер миңдеген адамдардын эмгегин текке кетирди», -деди экс-президент.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 29-майында ЖЭБди модернизациялоо боюнча иштин алкагында мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго карата 303-берененин («Коррупция») кылмыш иши козголуп, 5-июнда камакка алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби