20:13
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

20-22-ноябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы

20-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

21-ноябрда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, ал эми өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 21-ноябрда күндүз жана 22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

22-ноябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ал эми Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт.

Эң көп окулган жаңылыктар