14:34
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Айтматовдун 90 жылдыгы. Футбол боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык мелдеш өтөт

Эртең Бишкекте улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы эл аралык мелдеш башталат. Бул тууралуу футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага 12 жашка чейинки жаштар арасындагы кыргызстандык жана казакстандык 8 команда катышат.

Мелдеште Бишкектик «Дордой» жана «Илбирс», Канттык «Абдыш-Ата», Оштук «Академия», Алматылык «Кайрат», Тараздык «ОСДЮШ», Карагандалык «Шахтёр» жана Шымкенттик «Ордабасы» командалары беттешмекчи.


Эң көп окулган жаңылыктар