19:35
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

УКМКнын кызматкерлери жаңы батирлүү болушту

Ош шаарында Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлерине көп кабаттуу үйдөгү батирлердин ачкычтары салтанаттуу түрдө тапшырылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш-чарага Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардын мэри Таалайбек Сарыбашев жана башка жетекчилер, УКМКнын башкармалыгынын жамааты менен ардагерлери катышты.

Жаңы крулган көп кабаттуу үйгө жалпы 49 үй-бүлө жайгаштырылды.

Мындан тышкары өлкө жетекчилигинин колдоосу менен Ысык-Көлдүн Каракол шаарында УКМКнын кызматкерлерине берилүүчү көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушу аяктап жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар