20:36
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Грек-рим күрөшү боюнча мелдеште кыргызстандык балбан 3-орунду ээледи

Румыниянын Бухарест шаарында спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасындагы Дүйнө чемпиондугу өттү. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, грек-рим жана эркин күрөш боюнча мелдештерге кыргызстандык 13 балбан катышты.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдеште кыргызстандык балбандар 8 салмак ченинде катышып, Балбай Дордоков коло медалды багындырды. Калган 7 салмак чениндеги кыргыз балбандары медалдан кур жалак калды. Эркин күрөш боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 5 балбан катышып, алар байгелүү орундарга илинбей калды.

Мелдеш 12-18-ноябрь күндөрү өттү.

Эң көп окулган жаңылыктар