Ысык-Көл облусунда тартип сакчылары тарабынан рейд жүргүзүлүп, мас абалда унаа башкарган 11 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кыймылын эрежелерин бузган 176 айдоочуга протокол түзүлгөн. Анын ичинен мас абалда унаа башкарган 11 айдоочу кармалып, 19 унаа унаа токтотуучу жайга киргизилди.
Рейд Ысык-Көл облусунун район, шаарларында өткөрүлүп, эреже бузган айдоочуларга админстративдик протокол толтурулуп, айып салынды.