17:20
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Мас абалында рулга олтурган Ысык-Көл облустук сотунун судьясы кызматтан кетти

Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьясы Жеңишбек Барынбаев кызматтан кетүүгө арызын жазды. Бул тууралуу Жогорку сот билдирди.
 
Бүгүн Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кеңешме өткөрдү. Анда Каракол шаарында жакында болгон окуянын бардык жагдайларын, ошондой эле Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Урмат Калыбековдун процесстин тараптарынын бирине соттун аныктамасын бербегендигине байланыштуу маселе каралды.
 
Кеңешмеде Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьясы Жеңишбек Барынбаев менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Урмат Калыбеков өз каалоолору менен судьялык кызматтан кетүү туурасында арыздарын беришти. Судьялар сот бийлигинин беделине көлөкө түшүргөн аракеттерге барганын моюнга алышты.
 
Ошондой эле, кеңешменин жыйынтыгында Каракол шаардык сотунун судьясы Азамат Абдираевге карата сот адилеттигин ишке ашырууда одоно мыйзам бузууга жол бергендигине байланыштуу тартиптик жаза чарасын көрүү жөнүндө сунуштаманы Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине жөнөтүү чечими кабыл алынды.
 
Белгилей кетсек, Жеңишбек Барынбаев 8-март күнү мас абалында кармалган.
Эң көп окулган жаңылыктар