14:44
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Мас абалында унаа башкаргандардын саны 49,7 пайызга кыскарды

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын эки айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу мас айдоочулардын саны 49,7 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Такталгандай, 2023-жылдын 8-мартынан 24-майына чейинки аралыкта мас абалында унаа башкарган 728 айдоочу аныкталды. Ал эми өткөн жылы ушул эле убакыт аралыгында 1 миң 448 мас айдоочу кармалган. Ошентип, мас айдоочулардын саны 49,7 пайызга кыскарган.

Мындан тышкары, ушул эле мезгилде ылдамдыкты чектен ашырган 18 миң 185 айдоочу аныкталса, өткөн жылы 21 миң 213 айдоочу аныкталган. Көрсөткүчтөр 14,2 пайызга төмөндөгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар