17:14
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Депутат Жаштар иштери боюнча министрликти кайрадан түзүү керек деп эсептейт

Депутат Карамат Орозова Кыргызстанда Жаштар иштери боюнча министрликти кайрадан түзүү керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.

Анын билдиргенине караганда, тарыхта жаштардын ролу чоң. Мамлекет жаштарга колдоо көрсөтүүдө өзгөчө көңүл буруусу керек. Депутаттын пикиринде, атайын министрликтин жоктугунан улам, жаштар өз көйгөйлөрүн өздөрү чечүүгө аргасыз.

«Мен Жаштар министрлигин кайра алып келүү керек деп эсептейм. Буга кошумча каражат керектелбейт. Жаш кадрларды даярдоочу мектептерди ачуу керек», -деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар