Кыргызстандын курама командасы көчө футболу боюнча дүйнө чемпионатында Италиянын командасын жеңип алды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жарыялады.
Дүйнөлүк чемпионат Мексикада өтүп жатат. Ага 42 өлкөнүн спортчулары катышууда. Анда аялдар жана эркектер арасында мелдеш уюштурулган.
Кыргызстандын атынан эркектер курама командасы ат салышууда. Алгачкы беттеште кыргызстандыктар италиялык команданы 5:4 эсебинде утуп алган. Кийин мексикалыктардан жана австриялык командадан жеңилип калышты.