18:20
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кечээ Бишкекте абанын температурасы −13,7 градусту түздү

Кечээ Бишкекте абанын температурасы −13,7 градуска жетип, 1955-жылы болгон суукка теңелейин деди. Бул тууралуу «Аба ырайы жана климат» сайты жазды.

Маалыматка караганда, 1955-жылы Бишкекте −15,2 градус суук болгон. Ал эми 1992-жылдын 14-ноябры эң жылуу күн болгон. Анда абанын температурасы +23,6 градуска ысыган.

Бишкекте абанын орточо температурасы кечээ −11,4 градусту түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар