06:34
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

ЖЭБдеги кырсык. Кылмыш ишти иликтөө ноябрдын этегинде аяктайт

Бишкек ЖЭБдеги кырсык боюнча кылмыш ишин иликтөө экспертизанын айынан создуктурулууда. Бул тууралуу УКМКнын өкүлү Сагынбек Самидин уулу укук тартиби, кылмышка каршы күрөшүү жана жемкорлукка каршы аракеттенүү боюнча парламенттик комитеттин отурумунда айтты.

Анын билдирүүсүнө ылайык, экспертиза долбоорду ишке ашырууда короткон чыгымдын суммасын аныкташы керек. Кылмыш ишти иликтөө ноябрдын этегинде аяктамакчы.

«ЖЭБдеги кырсык мамлекетке 89 миллион 699 миң сом чыгаша алып келди. Анын 12 миллиону кырсыкты жоюуга кетти. Учурда эксперттер реконструкциялоого чындыгында канча акча коротулушу керектигин аныктап жатышат», -деди Сагынбек Самидин уулу.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума