Талгат Сагындыков стол тенниси боюнча Кыргызстандын ачык чемпиондугунда 8-турду утуп алды. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча ассоциациясынын башкы катчысы Шухрат Тешаев билдирди.
Айтымында, Бишкекте катары менен чемпионаттын 2 туру өттү. Ага Кыргызстан жана Түркмөнстандан келген 70 спортчу катышты.
7-турда алгачкы үчтүккө Алишер Якупбаев, Вячеслав Клычев жана Талгат Сагындыков чыкты. 8-турда мекендешибиз жеңишке жетти.