16-декабрда бодибилдинг, менс физик жана фитнес бикини боюнча Кыргыз Республикасынын ачык чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Бодибилдинг жана фитнес федерациясынан билдиришти.
Маалыматка таянсак, аталган иш-чарага КМШ өлкөлөрүнөн келген жана жергиликтүү спортчулар катышат. Мелдеш Бишкектеги спорт сарайда өтөт.
Иш-чаранын максаты — бодибилдинг менен фитнести IFBB версиясында калкка жайылтуу, жашоочуларды спорт менен алектенүүгө чакыруу, сергек жашоо образын пропагандалоо, атлетчилердин чеберчилигин арттыруу.