18:29
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Социалдык маанидеги оорулар. Дарыларды өндүрүшчүлөрдөн түз сатып алуу каралат

Жогорку Кеңештин депутаттары социалдык маанидеги оорулардын дарыларын өндүрүшчүлөрдөн түз сатып алууну сунушташууда. Бул тууралуу маалымат жыйында депутат Дастан Бекешов билдирди.

Айтымында, Кыргызстан дарыларды импорттоодон түздөн түз көз каранды. Дары-дармектердин 99 пайызга жакыны башка өлкөлөрдөн 14 миллиард сомго алынып келинет. Анын ичинен 2 миллиард сому бюджеттен коротулат. Алынып келинген дары-дармектер ВИЧ, кургак учук, онкологиялык оорулар, гемофилия жана башка илдеттерди дарылоо үчүн колдонулат. 

«Дары-дармектердин баасынын ичинде фармацевтикалык компаниялардын кирешелери жана салыктары камтылган. Мындан улам, алар кымбат. Көйгөйдү чечүү үчүн мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл. Биз кесиптешим Альфия Самигуллина менен социалдык маанидеги оорулардын дарыларын өндүрүшчүлөрдөн түз сатып алууну сунуштап жатабыз», -деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума