02:44
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандыктар коньки менен муз үстүндө бийлөө боюнча мелдеште 17 медаль утту

Кыргызстандыктар коньки менен муз үстүндө бийлөө боюнча Skate Bishkek 2018 эл аралык мелдеште 17 медаль утуп алышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине шаардык муз аянтчасынын администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 11 категория боюнча кыргызстандык жана казакстандык 60 спортчу катышты. Кыргызстандык курама команданын капчыгында 9 алтын, 4 күмүш жана 4 коло медаль топтолду.

Алтын медалга ээ болгондор: Арина Редчиц, Милана Шестакова, Жасмин Шлага, Акжурат Исмаилова, Диана Ким, Айчүрөк Дүйшекеева, София Шубина, Адия Исламкулова жана Ева Яковлева.

Эң көп окулган жаңылыктар